Ноокатта Курак-Тектир-2 кичи ГЭСи ишке кирди
25 декабрь

Ноокатта Курак-Тектир-2 кичи ГЭСи ишке кирди

Бүгүн, 25-декабрда IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын Алдыке участкасында Курак-Тектир-2 кичи ГЭСи ишке кирди.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, долбоордун болжолдуу наркы – 88,0 млн сом.

Кичи ГЭСтин толук кубаттуулугу – 1 200 кВт.

  • I этапта – 600 кВт
  • II этапта – кошумча 600 кВт кошулуп ишке берилди.