Ала-Бука районунда асфальт заводу пайдаланууга берилди
23 сентябрь

Ала-Бука районунда асфальт заводу пайдаланууга берилди

Бүгүн Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу Ак-Там айылында “Дорсервис” ачык акционердик коомунун асфальт бетон чыгаруучу заводу ишке берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. 

Ачылыш аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Мухтар Шербаев баштаган райондук жетекчилер, айыл өкмөт башчысы Рустам Кийикбаев, заводдун эмгек жамааты жана айыл аксакалдары катышты.

Акимдин биринчи орун басары Мухтар Шербаев заводдун ачылышы менен куттуктап, райондун инфратүзүмүн жакшыртууга, жолдорду заман талабына ылайык келтирүүгө аталган ишкананын зор салым кошоруна тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, “YH-1500” аталышындагы заводдун кубаттуулугу саатына 130 тонна асфальт бетон чыгарууга ылайыкташкан.

Андан сырткары саатына 100 тонна таш талкалоочу цех орнотулуп, бүгүнкү күндө толук кандуу иш жүргүзүүдө.