Кыргызстан 2026-жылы канча миллиард долларлык кредит алаары белгилүү болду
Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, Кыргызстан 2026-жылы 1 миллиард 900 миллион доллар көлөмүндө кредит алат.
Аталган комитетте Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын 2027-2028-жылдарга карата каржылоо боюнча алкактык макулдашуусу каралды.
Депутат Дастан Бекешев Кыргызстан үстүбүздөгү жылы жалпы суммасы канча болгон кредит алып жатканына кызыкты.
Финансы министринин орун басары 1,7 миллиард доллар экенин айтты.
Депутат буга макул болгон жок.
“Сиз мага так маалымат бериңиз. Качпаңыз. 1 миллиард доллардан ашуун МАРдан (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) алып атабыз, АӨБдөн (Азия өнүктүрүү банкы) 150 миллион доллар, чакан жана орто ишкерлерде деп 50 миллион доллар алып атабыз, аны мамлекеттик банктарга беребиз. 60 миллион долларды Ош облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында алып жатабыз. Андан тышкары Евразия туруктуу фондунан жана Кытайдан алынган кредиттер бар. Ошондо, 2026-жылы жалпы канча көлөмдөгү кредит алабыз?” – деди Бекешев.
Үмүтжан Аманбаев Кыргызстандын тышкы карызга туруктуулугу жакшы экенин, ИДПга салыштырмалуу 41,7 пайызды түзөөрүн билдирди.
Ошондой эле, орун басардын айтымында, алкактык макулдашуунун негизинде алынган кредиттер дароо эле жалпы суммада келип түшпөйт.
Долбоорлордун иштөөсүнө жараша бөлүк-бөлүк менен келет.
Акырында ал 2026-жылы алынчу кредиттердин жалпы суммасы 1 миллиард 900 миллион доллар болоорун тактады.
