Шэньчжэнь шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы өкүлчүлүгү расмий түрдө ачылды
Шэньчжэнь шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы өкүлчүлүгү расмий түрдө ачылды. Ачылыш аземине СӨЖП президенти Темир Сариев катышты.
Өкүлчүлүктүн негизги максаты – Кытай менен түз ишкердик байланыштарды күчөтүү, кыргызстандык бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү.
Шэньчжэңдеги СӨЖПнин расмий өкүлү болуп Чынгыз Шерниязов дайындалды. Ал кытайлык өнөктөштөр менен иш алып баруу жана кыргыз ишкерлерине колдоо көрсөтүү иштерин координациялайт.
Өкүлчүлүктүн ачылышы эки өлкөнүн бизнес кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
