КР Энергетика министринин кеңешчиси Самат Базарбаев Бишкек электр тармактар ишканасына иш сапары менен келди
2025-жылдын 5-6- майында КР энергетика министринин кеңешчиси Базарбаев Самат Конуратович "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасына күз -кыш мезгилине даярдыктар менен таанышуу максатында иш сапары менен келди.
Иш сапардын жүрүшүндө Самат Базарбаев Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш, Чыгыш, Түндүк райондук электр тармактарында, Электр энергия сатуу кызматынында жана жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышты.
Алгач, "Энергострой", "Промышленная", "Ново-Южная", "Костромская" көмөк чордондорундагы реконструкциялоо иштери менен таанышып жатып, энергетика министринин кеңешчиси Самат Базарбаев жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убактысында аткаруу боюнча тапшырма берди.
Андан соң, иш сапар Чыгыш, Батыш жана Түндүк РЭТтеринде уланды. Энергетика министринин кеңешчиси С.К.Базарбаев электр жабдыктарды, трансформатордук көмөк чордонундорду оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча электр энергия сатуу кызматына барып, ишмердүүлүгү менен таанышып, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу, боюнча маалымат алды. Белгилей кетсек, быйыл 28 000 «акылдуу» эсептегичтерин орнотуу иштери пландаштырылган, анын ичинен бүгүнкү күндө 7 500 даана орнотулду.
Иш сапардын соңунда энергетика министринин кеңешчиси Самат Базарбаев Бишкек электр тармактар ишканасынын күз -кыш мезгилине даярдык иштери толук кандуу жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетти.
