Кыргызстанда эгемендүүлүк күнүнө карата 100дөн ашуун ишкана ачылат
Кыргызстанда 2025-жылы 124 ишкананы ишке берүү пландалган. Анын айрымдары 31-август, эгемендүүлүк күнүндө ачылат. 124 ишкана аркылуу өлкөдө 15 миңдей жумушчу оруну түзүлөөрү божомолдонуп жатат. Өткөн жылы 102 ишкана ачылып, алар 8 миң кошумча жумуш орунун түзүшкөн. Белгилей кетчү нерсе, ишканалар ырааттуу иштеп, ички дүң продукциянын өнүгүшүнө салымын кошууда.
Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Карасартовдун айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат, ошондуктан мамлекеттин эң маанилүү багыттарынын бири – атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук экономиканы түзүү.
“Өнөр жай тармагы улуттук экономиканын негизги таянычы болуп эсептелинет. Эмне дегенде, биринчиден, өнөр жайдын ИДПнын туруктуу өнүгүшүндөгү ролу чоң. Алар тарабынан өндүрүлгөн продукциялар жыл сайын артып, ички керектөөлөрдү гана камсыздабастан, экспортту да кеңейтти. Акыркы жылдары кыргыз экономикасы чыныгы секирик жасады. 2019-жылдан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эсеге өстү. Эгерде 2019-жылы 284 миллиард өнөр жай продукциясы өндүрүлсө, 2024-жылы 585 миллиард сомго жетти. Ал эми акыркы алынган маалыматтар, 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, 375 миллиард сомдук продукция чыгарылды. Бул демек, 111,5 пайыз өсүү темпин көрсөттү”, – деди ал.
Талантбек Карасартов өсүү темпи жогорулаган, өзгөчө өнүгүүгө дуушар болуп, анын шарапатынан өлкө экономикасына бараандуу салым кошуп жаткан тармактарды атады. Алар:
- Мунайзат өндүрүү – дээрлик эки эсеге өстү. Анын ичинен бензин чыгаруу 6 эсеге.
- Фармацевтика – 20 пайызга өстү. 2024-жылы “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында ачылган ишканалардын арасында Сокулук районунда Биовит фармацевтикалык заводу да болгон. Ал Кыргызстандагы инфузиялык эритмелерди, ампуладагы иннекция жана тамчылатма дары каражаттарын чыгаруунун жаңы линиясына айланды. Учурда аталган завол тарабынан таблетка, капсула, суюктук формадагы дары-дармектердин 110дон ашуун түрү чыгарылууда.
- Азык-түлүк тармагы – бул экологиялык таза азыктар: эт, нан, сүт азыктары.
- Тигүү тармагы – аны социалдык тармак деп да атоого болот. Бул башында айымдардын тармагы катары аталчу, бирок убакыттын өтүшү менен анда эркек жарандар да иштеп жатышат.
- Курулуш материалдарды чыгаруучу тармак – 2024-жылдын башынан бери өлкөдө 2 миллион 27 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Ар бир райондо жол салынууда, мектептер, бала бакча, өнөр жай ишканалары курулууда. Аларга курулуш материалдарын камсыздар бериш үчүн бул тармакта абдан чоң өсүш орун алды.
“Министрлер Кабинети бизге тапшырма койгон – “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында, быйыл ишке кирүүчү ишканаларды жеринен барып көрүп, жетекчилери менен жолугушуп, кандай көйгөйлөрү бардыгын билип, аларды жеринде чечип, эгерде жеринде чечүү мүмкүн болбосо, жазып алып келип, борбордон чечкиле деген. Биз аны аткаруудабыз”, – деди башкы адис.
