Кыргызстан менен Германия экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө
Чолпон-Ата шаарында 26-августта «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкер кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Иш-чараларга КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты.
Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана Кыргызстан менен Германиянын бизнес-ассоциацияларын бириктирип, эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды.
Иш-чаранын алкагында:
- экспорттук потенциалды кеңейтүү,
- ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү,
- биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу,
- жаңы экономикалык багыттарды илгерилетүү маселелерин камтыган панелдик сессиялар өттү.
Бизнес-форум менен Ишкер кеңешинин жыйыны Кыргызстан менен Германиянын өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктап, тараптардын соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча активдүү кызматташтыкты улантуу ниетин көрсөттү.
