«АвтоВАЗ» Кыргызстанда Lada үлгүсүндөгү унааларды чогултууну пландоодо
27 август

«АвтоВАЗ» Кыргызстанда Lada үлгүсүндөгү унааларды чогултууну пландоодо

«АвтоВАЗ» компаниясы Central Asia Capital инвестициялык фонду менен биргеликте 2026-жылы Кыргызстанда Lada унааларын ири түйүндүү жыйноону ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу фонддун басма0сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда долбоор иштеп чыгуу стадиясында турат: өндүрүштү ишке киргизүү боюнча так чечимдер кабыл алына элек, атайын субсидияларды түзүү маселеси да талкууланган жок.

Кыргыз тарап Россия өкмөтүнүн мүмкүн болгон колдоосуна үмүт артууда: эгерде субсидиялар берилсе, алгачкы үч жылда чыгарылган унаалардын минималдуу баасы 15% төмөн болуп — болжол менен $9100 түзөт. Колдоо болбосо баа $10 400 болот. Салыштыруу үчүн айтсак, бүгүнкү күндө Россияда Lada Granta унаасынын эң төмөнкү баасы 750 000 рубль, же $9294.

Долбоор жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана Кыргызстан жарандары үчүн Lada унааларын жеткиликтүүрөөк кылууга багытталган.