Ысык-Көл акваториясында 1000 метр эски тор алынды
20 октябрь

Ысык-Көл акваториясында 1000 метр эски тор алынды

Ысык-Көл акваториясында 1000 метр мыйзамсыз коюлган синтетикалык эски тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага жарандык активисттер да катышып, балык ресурстарын жана көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого багытталган.

Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.