Ысык-Көлдөн 2600 метр тор алынып, эки браконьер кармалды
11 декабрь

Ысык-Көлдөн 2600 метр тор алынып, эки браконьер кармалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Экологиялык жана техникалык козөмөл кызматынын жана Туристтик экологиянын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл көлүн браконьерлик синтетикалык торлордон тазалоо иштери боюнча рейддерди жүргүздү. 

Анын жыйынтыгында 26 тор (2600 метр) алынып, 2 браконьер балыктар менен кармалды.

Азыркы учурда Ысык-Көлдө браконьерлик синтетикалык торлордон тазалоо иштери боюнча рейд уланууда.