Бишкектеги "Кыргызстандын 40 жылдыгы" сейил багы тазаланууда
"Бишкекжашылкурулуш" ишканасынын 100дөн ашык кызматкери "Кыргызстандын 40 жылдыгы" сейил багын тазалоодо, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Свердлов районунун акими Медер Амангелдиев, райондук кызматтардын жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте «Кыргызстандын 40 жылдыгы» сейил багындагы көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыдыруунун алкагында иштерди тездетүү жана сапатын жогорулатуу боюнча кошумча тапшырмалар берилди.
Учурда эски, куураган бак-дарактарды алуу, чөптөрдү чабуу, аймакты тазалоо жана иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Бардык иш-чаралар райондун тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
