Бакыт Төрөбаев: “ Быйыл 40 айыл таза суу менен камсыздалып, 3 шаардын таза жана саркынды суу маселеси чечилет”
Быйылкы жылы 40 айыл таза суу менен камсыздалып, 3 шаардын таза суу жана саркынды суу маселеси чечилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Өзгөрүш айылындагы таза суу жана саркынды сууларды тазалоочу муниципалдык ишкананын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып билдирди.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алкагында заманбап техникалар сатып алынган. Атап айтканда, 5 даана грунт насосу жана 500 метр аралыкка чоң диаметрдеги суу түтүктөрү орнотулду. Ошондой эле Паизабад жана Орум суу сактагычтарына бактерициддик суу тазалоочу курулмалар тургузулган.
Суткасына 2 миң куб метр саркынды сууну тазалоочу, 10 миң абонентке ылайыкталган курулма курулду. Жалпысынан 40 790 метр таза суу түтүгү жана 29 953 метр саркынды суу түтүктөрү төшөлүп, учурда абоненттерди туташтыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Иш-чарада Бакыт Төрөбаев калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге да токтолду.
“Таза суу секторуна жалпы 556 миллион доллар инвестиция тартылып, 25 шаарда жана 600 айылда таза суу системалары курулууда. Алардын ичинен 123 айылда курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди, 119 айылда курулуш жумуштары уланууда. 358 айылда долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатат. Ал эми 156 айылдын жана 3 шаардын таза жана саркынды суу маселесин чечүү үчүн 275 миллион долларлык каражат тартылып, долбоорлор ишке ашырылып жатат”, – деди ал.
Мындан тышкары, 179 айыл боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) жана долбоордук документтерди даярдоого 3 миллион доллар гранттык инвестиция тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
“Быйыл 40 айыл таза суу менен камсыздалып, 3 шаардын таза жана саркынды суу маселеси чечилет. Республиканын 11 шаарында жана 4 ири айылында биринчи жолу заманбап SCADA системасы орнотулду. Саркынды сууларды тазалоочу автоматташтырылган комплекстер курулууда. Курулуштар сапаттуу жана үнөмдүү насостор, альтернативдүү суу тазалоочу курулмалар жана бирдиктүү системалар менен жабдылып, лабораториялык жабдуулар жана атайын техникалар менен аймактык ишканалар камсыздалды”, – деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.
