«Золотые пески» пансионатындагы суу транспортунун экологиялык зыяндары боюнча түшүндүрүү жана аныктоо иштери жүргүзүлүүдө
2025-жылдын 14-июлунда социалдык тармактарда Бостери айылында жайгашкан “Золотые пески” пансионатынын пляж аймагында сууда жүрүүчү унаалар – катер, гидроцикл жана скутерлерден калган май калдыктары көлдүн бетине калкып чыгып жатканы боюнча видео тараган.
Ушул маалыматтын негизинде 2025-жылдын 17-июлунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте жогоруда аталган аймакта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Скутер жана катер айдоочуларына жаратылышты коргоо жана суу объектилерин булгануудан сактоо боюнча мыйзам талаптары боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары, учурда май калдыктарынын көлгө тарашынын себептерин жана жооптуу тараптарды тактоо боюнча иш-аракеттер Суу транспортун көзөмөлдөө органдары менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү органдар менен кызматташууда бул маселеге тиешеси бар тараптар аныкталгандан кийин мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы көлдүн тазалыгын сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мындай көрүнүштөрдү тыкыр көзөмөлдөп, коомчулук менен тыгыз иш алып барууну улантат.
