Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун жээгине көчөттөр отургузулууда
«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун жээгине көчөттөр отургузулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакка жалпы 230 даана көчөт тигүү пландалган.
«Ушундай эле иштер Таш-Көмүр – Кызыл-Жар унаа жолунда (136-140-чакырымдар аралыгы) жүрүүдө. Жол жээгин жашылдандыруу максатында каражыгач, жаңгак көчөттөрү отургузулуп жатат», – деп билдиришти ведомстводон.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караган Рахманжан-Кара-Булак жолунун жээгине 100 даана жаңгак көчөтү тигилип, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрдү.
