Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча 87 832 гектар аянтта изилдөө жүргүзүлдү
Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республикабыздын айыл чарбасына, экономикасына жана калктын социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч жаратып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
2026-жылдын 29-июнуна карата республика боюнча зыяндуу чегирткелерди аныктоо максатында 87 832 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусунда – 41 287 гектар;
- Ош облусунда – 14 750 гектар;
- Баткен облусунда – 15 500 гектар;
- Чүй облусунда – 10 695 гектар;
- Талас облусунда – 3 530 гектар;
- Нарын облусунда – 2 070 гектар.
Зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык иштетүү иштери республика боюнча жалпы 55 950 гектар аянтта жүргүзүлдү.
Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусунда – 27 730 гектар;
- Баткен облусунда – 12 540 гектар;
- Ош облусунда – 9 260 гектар;
- Чүй облусунда – 3 500 гектар;
- Нарын облусунда – 1 580 гектар;
- Талас облусунда – 1 340 гектар.
Бүгүнкү күндө Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан изилдөө жана күрөшүү иш-чараларынын негизги бөлүгү ийгиликтүү жыйынтыкталды. Учурда изилдөө жана зарыл болгон химиялык иштетүү иштери Нарын облусунда гана улантылып жатат. Калган бардык облустарда зыяндуу чегирткелерге каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар толук көлөмдө аяктады.
Департамент тарабынан фитосанитардык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, зыяндуу чегирткелердин жайылышына жол бербөө боюнча бардык иш-чаралар өз убагында жана ыкчам аткарылууда.
