Ысык-Көл жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды
Ысык-Көлдө жалпы облустук ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 160 гектар аймак таштандыдан арылтылып, тазаланган.
Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду.
