Бишкек шаарында дүмүр алуу иштери уланууда
14 январь

Бишкек шаарында дүмүр алуу иштери уланууда

Калаада «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык  ишканасы тарабынан дүмүрлөрдү алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бул иштер шаар аймагын көрктөндүрүүгө, санитардык абалды жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 3 566 дүмүрдү түзүп, 2024-жылы 3 521 дүмүр алынган. Ал эми 2025-жылы шаарды көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында жалпысынан 12 502 дүмүр алынып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 981 дүмүргө көп болду.

Белгилей кетсек дүмүрлөрдү алуу иштер мындан ары да улантылат.