Ош шаарында “Таза короо, таза көчө, таза шаар!” акциясы өткөрүлдү
Ош мэриясы
5 апрель

Ош шаарында “Таза короо, таза көчө, таза шаар!” акциясы өткөрүлдү

Ош шаарынын аймагында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында 4-апрелде “Ош Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын жалпы аймагын тазалоо, тазалык маданиятын жогорулатуу жана жарандардын коомдук жоопкерчилигин арттыруу максатында “Таза короо, таза көчө, таза шаар!” акциясы өткөрүлдү.

Акциянын алкагында Ош шаарынын ар бир жашоочусу өзүнүн жашаган короосун, көчөсүн тазалап, социалдык тармактардагы баракчаларына фото жана видео отчётторду жайгаштырышты.

Жыйынтыгында эң жакшы тазаланган короо же көчө тандалып, активдүү шаар тургундарына жана ынтымактуу коңшуларга демөөрчүлөр тарабынан белектер ыйгарылды.

Иш-чара “Азем” маданий борбору тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.