534 миң АКШ доллары – мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө бөлүнүп берилди
19 декабрь

534 миң АКШ доллары – мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө бөлүнүп берилди

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, көчөт өстүрүү боюнча мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө багытталган гранттык каражаттар ар бир уюмга бөлүнүп, гранттык келишимдерге кол коюлду.

Иш-чара «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында уюштурулуп, конкурсунун жыйынтыгында Ош токой чарбасы, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы, Кара-Кулжа токой чарбасы жана Кыргыз улуттук агрардык университети жеңүүчү деп табылды. Бүгүн аталган уюмдар менен гранттык келишимдерге кол коюлду.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев катышып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

"Заманбап питомниктерди түзүү – бул биздин токойлорду калыбына келтирүү жана экологияны жакшыртуу боюнча инвестиция гана эмес. Биз экосистемаларды калыбына келтирүүнүн негизин, айыл чарба жамааттарын климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташтырууну түзөбүз".

Ошондой эле, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев төмөнкүлөрдү билдирди:

"Долбоор үчүн гранттык жардам конкреттүү жана өлчөнө турган натыйжага айлануусу маанилүү. Питомниктер региондор үчүн туруктуу көчөт өндүрүү булагы болуп кызмат кылат. Бул ошондой эле өлкө башчыбыз жарыялаган «Жашыл Мурас» программасын колдоо болуп саналат".

Жалпы каржылоонун көлөмү 534 миң АКШ долларын түзөт. Конкурска 16 арыз келип түшүп, катышуунун негизги шарттары катары кеминде 5 гектар аянты бар жер тилкесинин жана бизнес-пландын болушу талап кылынган.

Тандоо процесси мамлекеттик органдардын, тармактык ассоциациялардын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлүп, жеңүүчүлөрдүн тизмеси долбоордун донору – Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (ИФАД) тарабынан бекитилген.

Ошондой эле, долбоордун алкагында питомниктер үчүн долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу максатында адистештирилген компания тартылат. Кийинки жылдын аягына чейин жаңыланган питомниктерди пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоордук документацияга ылайык, жаңыланган питомниктер жылына жаңгак, мөмө-жемиш жана кооздук дарактарды кошкондо 2 миллионго чейин көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өндүрүлгөн көчөттөр токой чарбаларына, токой пайдалануу субъекттерине жана башка кызыкдар тараптарга сунушталат.