Экологияга зыян келтирген коррупциялык схема аныкталды
21 июль

Экологияга зыян келтирген коррупциялык схема аныкталды

2022-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тургуну Т.С. аттуу жаранга таандык “Дордой” базарындагы кампада мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү – жалпы салмагы 3 тонна 941 килограммды түзгөн, 3 790 даана Кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык браконьердик тор табылып, далил зат катары алынган.

2023-жылдын 24-февралында тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган синтетикалык торлор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын улук инспектору Т.И.ге тиешелүү документтердин негизинде расмий түрдө өткөрүлүп берилген.

Бирок 2025-жылы Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогоруда көрсөтүлгөн синтетикалык торлор мыйзамсыз түрдө кайра жүгүртүүгө чыгарылганы аныкталган. Тактап айтканда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын улук инспектору Т.И. 2023-жылдын 24-февралында жок кылынууга тийиш болгон, 3 790 даанадан турган синтетикалык торду кайрадан Бишкек шаарына алып барып, Т.С. аттуу жарандын ишенимдүү өкүлүнө мыйзам бузуу менен, тиешелүү АКТ аркылуу өткөрүп бергендиги далилденген.