Ошто «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли көрсөтүлдү
Ош улуттук драма театрында 11-майда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Раймалы менен Бегимай» аттуу этно-мюзикли көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маданий иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, анын орун басарлары, район акимдери, Ош шаарынын мэринин орун басарлары жана облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайым катышты.
Облус жетекчиси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамаатын куттуктап, ийгиликтерди каалап, өкүлчүлүктүн атынан ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ага кошо Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмоновго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды.
Аталган чыгармада – сүйүү, искусство жана адамдык сезимдердин бийик баалуулуктары терең чагылдырган. Раймалы менен Бегимайдын образдары аркылуу сүйүүнүн түбөлүктүүлүгү жана коомдук тоскоолдуктарга каршы адамдык күрөш көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, чыгарма көрүүчүлөрдү адамдык тагдырлар, ички дүйнө жана коомдук чектөөлөр ортосунда ой жүгүртүп, терең баалоого чакырат. Ага кошо улуттук маданиятыбызды, салт-санаабызды жана музыкалык мурастарыбызды чагылдырат.
Этно-мюзиклдин автору жана долбоордун жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыргызбай Осмонов. Либреттону акын Аалы Туткучев жазган. Музыкалык чыгармалардын авторлору – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакунов баштаган бир катар белгилүү композиторлор.
Белгилей кетчү жагдай – «Раймалы жана Бегимай» этно-мюзикли Ош шаарында дагы үч күн бою сахналаштырылып, көрүүчүлөргө тартууланат.
