“Оскар” сыйлыгынын кезектеги лауреаттары аныкталды
3 март

“Оскар” сыйлыгынын кезектеги лауреаттары аныкталды

Америкада 97-“Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. 2025-жылы эң көп сыйлыкка ээ болгон тасма "Анора" болду, ал беш статуэтканы алды, анын ичинде бирөө "Эң мыкты тасма" номинациясы боюнча.

"Анорада" башкы каармандын ролун аткарган Майки Мэдисон "Эң мыкты актриса" наамын алды. Фильмдин режиссеру Шон Байкер "мыкты режиссер" аталды. 

“Оскар” сыйлыгынын лауреаттарынын тизмеси:

  • Мыкты анимациялык тасма — «Поток»;
  • Чет тилдеги мыкты тасма — «Я все еще здесь»;
  • Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма — «В тени кипариса»;
  • Мыкты документалдуу тасма — «Нет другой земли»;
  • Мыкты кыска метраждуу документалуу тасма — «Единственная девушка в оркестре»;
  • Эң мыкты кыска метраждуу тасма — «Я не робот»;
  • Эң мыкты адаптацияланган сценарий — «Конклав» (Питер Строган);
  • Мыкты макияж жана чач жасалгалары — «Субстанция»;
  • Мыкты костюмдардын дизайны» — «Злая» (Пол Тэйзуэлл);
  • Мыкты үн — «Дюна: Часть 2»;
  • Мыкты визуалдык эффекттер — «Дюна: Часть 2»;
  • Эң мыкты көркөм режиссура — «Злая».