Балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август

Балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты жана искусствосу оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү балет артисти жана балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты.

Кубанычбек Сыдыков көп жылдык чыгармачылык ишмердигинде кыргыз балет өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, улуттук жана дүйнөлүк классикалык балеттин спектаклдеринде 20дан ашуун башкы жана негизги ролдорду жараткан. Алардын катарында «Дон Кихот», «Жизель», «Ак куу көлү», «Щелкунчик», «Спартак», «Чолпон» сыяктуу чыгармалардагы көрүнүктүү образдары бар.

Ошондой эле таланттуу балетмейстер катары «Издөө», «Саймалуу-таштар», «Баскычтар», «Түбөлүктүк», «Дуэль», «Жамийла» сыяктуу бир катар хореографиялык чыгармаларды сахнага койгон. Анын чыгармачылыгы заманбап, авангарддык жана фольклордук багыттарды камтып, кыргыз хореографиясынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон.

Кубанычбек Сыдыков кыргыз балетин Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдө таанытып, эл аралык фестивалдарга жана чыгармачылык иш-чараларга активдүү катышкан. Ошондой эле педагог катары жаш хореографтардын жана балет артисттеринин жаңы муунун тарбиялоого эмгек сиңирген.

Өнөргө сиңирген эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана чыгармачылык сыйлыктарга татыган Кубанычбек Сыдыковдун чыгармачылык мурасы кыргыз искусствосунун тарыхында татыктуу орунда калат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кубанычбек Сыдыковдун жаркын элеси түбөлүккө сакталат.