Кыргызстанда мамкызматкерлер үчүн медиасабаттуулук боюнча мастер-класстар жыйынтыкталды
25 март

Кыргызстанда мамкызматкерлер үчүн медиасабаттуулук боюнча мастер-класстар жыйынтыкталды

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн медиасабаттуулук боюнча мастер-класстар ийгиликтүү жыйынтыкталды, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. 

Мастер-класстарда өлкөнүн бардык аймактарынан (Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл) 350дөн ашуун мамлекеттик кызматкер маалыматты сын көз менен талдоо, санариптик алдамчылыкты таануу, расмий маалымат булактар менен иштөө жана жалган маалыматтарга каршы туруу боюнча практикалык билимдерди алышты.

Катышуучулар мындай иш-чаралар кесиптик ишмердүүлүктө гана эмес, күнүмдүк жашоодо да пайдалуу экенин белгилешти.

Окутууга катышкандар расмий маалыматтарды иштеп чыгууда жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо жаңы билимдердин зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, алдамчылыктан коргонуу боюнча практикалык кеңештер жана mediamap.kg интерактивдүү платформасы өзгөчө кызыгуу жаратты.

Окутуулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Жамааттык Медиалар Бирлиги жана Internews эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) долбоорунун алкагында өткөрүлдү.