Бишкекте креативдүү индустриялардын бешинчи юбилейлик фестивалы өтөт
17 апрель

Бишкекте креативдүү индустриялардын бешинчи юбилейлик фестивалы өтөт

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында 19–20-апрель күндөрү креативдүү индустриялардын бешинчи, юбилейлик Create4 фестивалы өтөт. Бул тууралуу БУУӨПтөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, быйылкы фестиваль кино тармагына жана кинопрофессияларга арналат. «Титрде бол! Кинодо жаратман бол! Create4го кел!» урааны астында өтө турган иш-чара жаштарга кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү таанытуу жана киного болгон кызыгууну арттыруу максатын көздөйт.

Create4 фестивалы 2022-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Креативдүү индустриялар ассоциациясынын демилгеси менен башталган. Кыска убакыт ичинде ал өлкөнүн креативдүү экономикасын өнүктүрүүнүн негизги аянтчасы болуп калды. Фестиваль мамлекеттик, эл аралык жана жеке өнөктөштүктөрдү бириктирип, Кыргызстандагы чыгармачыл индустриялардын туруктуу экосистемасын калыптандырууга түрткү берүүдө.

«Create4Кино – бул БУУӨП тарабынан Кыргызстанда туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы. Креативдүү индустриялар жумуш орундарын түзөт, жаштарга, аялдарга жана аялуу топторго мүмкүнчүлүктөрдү ачат. БУУӨП мындай демилгелерди өлкөнүн санариптик жана жашыл трансформациясында мындан ары да колдойт», – деди БУУӨПтүн «Туруктуу экономикалык өнүгүү» бөлүмүнүн башчысы Азамат Усубалиев.

Быйыл фестиваль алгач ирет бир тармакка – кинематографияга басым жасайт. Кыргызстан жан башына тартылган фильмдердин саны боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Кино социалдык темаларды чагылдырган күчтүү курал гана эмес, региондорду өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, жаштарды тартуу жана #жаратманКыргызстан улуттук брендин эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча маанилүү драйверге айланды.

«Бирок андан аркы өнүгүү үчүн жаңы кадрлар зарыл. Режиссерлор жана актёрлор тууралуу көп айтылат, бирок оператор, гримёр, кастинг-директор, монтажёр, үн режиссеру сыяктуу ондогон кесиптер тасманын көрүнбөгөн, бирок маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Create4Кино фестивалы кино тармагындагы ар түрдүү кесиптерди жарыкка чыгарууну, тармактагы мүмкүнчүлүктөр жана карьера жолдору тууралуу айтып берүүнү, заманбап кейстерди жана тренддерди көрсөтүүнү максат кылат», – деди Креативдүү индустриялар ассоциациясынын аткаруучу директору Назгүл Кубакаева.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти тарабынан берилген, өлкөдөгү эң тарыхый жана символикалуу залдардын бири болгон “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт.

Программа:

19-апрель
 – Салтанаттуу ачылыш, хедлайнерлер: Динара Багышбаева, Манас Халдаров (Netflix), Самат Эркинбеков, Элира "Карындаш", Алия Муратбекова ж.б.
 – Панелдик талкуулар: кинонун өнүгүүсү, сценарийлердин баасы, автордук кинонун коммерциялык ийгилиги, балдар үчүн тасмалар, кадр артындагы адистердин чакырыктары.
 – Мастер-класстар: грим, дубляж, атайын эффекттер, сценарий жазуу, вертикалдуу кино тартуу, актердук чеберчилик ж.б.
 – Тасма тартуу аянттарына экскурсиялар, кино жабдууларынын көргөзмөлөрү, киноклубдар жана кол өнөрчүлөр жарманкеси.
 – Жаш авторлор үчүн сценарий пичинг, автордук укук боюнча консультациялар.

 20-апрель
 – Жабык жана эксклюзивдүү тасма көрсөтүүлөр
 – Тасмалар боюнча талкуулар, чыгармачыл топтор менен жолугушуулар, тартуу процессинин майда-баратын талдоо.

21-апрель
 – Өнөктөштөр менен биргелешкен пресс-конференция. Креативдүү экономиканы өнүктүрүүдөгү өнөктөштөрдүн натыйжалары.

Create4 фестивалы – бул БУУӨП тарабынан инклюзивдүү экономикалык өсүү, социалдык өнүгүү жана инновация үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон креативдүү индустрияларды колдоо максатында уюштурулган демилге. Create4 өңдүү демилгелердин аркасында жаштар жана чыгармачыл адистер өз идеяларын ишке ашырып, карьера куруп, Кыргызстан келечегинин экономикасын жана коомун калыптандырууга өз салымын кошо алышат.

Create4 тууралуу
Create4 – бул жыл сайын өтүүчү креативдүү индустриялар фестивалы. Ар кайсы жылдары ал эл аралык уюмдар, ЖОЖдор жана маданият өкүлдөрүнүн күчүн бириктирип келген. 2023-жылы фестиваль ОБСЕнин Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен өтүп, ал эми 2022-жылы өнөктөшү Америка Борбор Азия университети болгон. 2025-жылдан баштап фестиваль жаңы циклге өтөт: ар жылы бир креативдүү индустрияга арналып, туруктуу өнүгүүгө салым кошот.