Маданияттын, кыштын, жана биримдиктин майрамы. Ысык-Көлдө "Тоң чилдеси" фестивалы өттү
Кышкы "Тоң чилдеси" фестивалы Тон районунда, Ысык-Көл облусунда өттү. Буул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.
Жаркыган иш-чара жергиликтүү тургундардан тышкары Сауд Арабиясынан келген туристтерди, медиа өкүлдөрүн жана блогерлерди да кызыктырды.
Фестивалдын программасында кыргыз маданиятын жана салттарын чагылдырган көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өттү.
Майрам "Манас" эпосу жана "Шырылдаң" концерттик программасы менен башталып улуттук музыкалык аспаптарда кыргыз элинин атактуу чыгармалары аткарылды.
Өзгөчө көңүл улуттук оюндарга бөлүндү: бука тартыш, ордо, кыз куумай, эр оодарыш жана оромпой.
Программанын эң башкы бөлүгү бул кыргыз этникалык кийимдердин көргөзмөсү болду. Кол менен тигилген улуттук кыргыз кийимдеринин жаркыган орнаменттери жана өзгөчө деталдары фестивалдын катышуучуларын сүйүндүрдү.
Фестивалдын кульминациясы улуттук кыргыз боз үйүн тигүү болду. Бул процесске баары катышты – музыкантчылар, бүркутчулөр, туристтер муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты көрсөтүштү.
Фестивал чыныгы чеберчиликтин жана маданияттын майрамына айланды. Келечекте уюштуруучулар аны үзгүлтүксүз салтка айлантып, программасын дагы байытуу пландарын билдиришти.
