Бишкекте «Курманбек» жана «Кара Чоро» дастандары китебинин бет ачары өттү
Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун колдоосу менен жарык көргөн дастанчы Улукбек Токтоболот уулунун айтуусундагы «Курманбек» жана «Кара Чоро» дастандары китебинин расмий бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара кыргыз элинин оозеки чыгармачылык мурастарын даңазалоо, дастанчылык өнөрдү өнүктүрүү жана улуттук руханий баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүү максатын көздөйт. Жаңы басылмада элдик эпостор көркөмдүк жактан жогорку деңгээлде иштелип чыгып, окурмандарга жеткиликтүү формада сунушталган.
Аземдин жүрүшүндө «Курманбек» жана «Кара Чоро» дастандарынын мазмундук өзгөчөлүктөрү, тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чарага илимпоздор, адабият таануучулар, дастанчылар, маданият өкүлдөрү, сахна өнөрүнүн ишмерлери, ошондой эле Улукбек Токтоболот уулунун кесиптештери жана жакындары катышты. Алар өз сөздөрүндө дастанчынын чыгармачылыгына токтолуп, анын кыргыз маданиятына кошкон зор салымын белгилешти.
