Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды
Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев 4-апрелде Монголиянын маданият, спорт, туризм жана жаштар министри Чынбатын Номин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык, ошондой эле туризм жана спорт жаатындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи Айбек Артыкбаев эки өлкөнүн маданий алмашуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, достук жана маданият күндөрүн кайра улантууну, достук коомдорунун ишин активдештирүү, жалпы тарыхый-маданий мурастарды изилдөөдө кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн кыргыз-монгол туристик форумдарын уюштуруу маселесине токтолду.
Министр Чынбатын Номин айым Монгол тарап маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары чыңдоого, көргөзмөлөр жана фестивалдар сыяктуу биргелешкен иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле туризм жана спорт жаатында эки тараптуу кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.
