Кыргыз драма театры азербайжандык көрүүчүлөргө “Коркут ата” спектаклин тартуулады
4 апрель

Кыргыз драма театры азербайжандык көрүүчүлөргө “Коркут ата” спектаклин тартуулады

Азербайжан мамлекеттик академиялык улуттук драма театрында 3-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры тарабынан азербайжандык көрүүчүлөргө тартууланган “Коркут Ата” спектакли болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Түрк элдеринин эпикалык жомокторунун негизинде жазылган пьесанын автору - Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Кайрат Иманалиев.

Спектаклдин коюулушу Азербайжандын Маданият министрлигинин колдоосу менен өттү.

Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адиль Керимли, башка жогорку даражалуу расмий адамдар, чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. 

Спектакльдин коюлушу жалпы түрк коомчулугунун алкагында кыргыз жана азербайжан элдеринин достугун чыңдоого салым кошкон Кыргызстан менен Азербайжандын маданий алмашуусунда маанилүү окуя болду.