Маданият министрлиги
17 март
Пенсионерлер үчүн акысыз. Бишкекте «Айтматов» спектакли коюлат
Бишкекте Нооруз майрамын утурлай, алтын курактагы көрүүчүлөр үчүн өзгөчө маданий иш-чара уюштурулууда.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, 2026-жылдын 21-мартында Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры сахнасында «Айтматов» спектаклинин кайрымдуулук көрсөтүүсү болот. Башталышы саат 15:00.
Аталган спектакль улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсүнө арналган. Көрүүчүлөрдү актёрлордун жогорку чеберчилиги менен коштолгон таасирдүү сахналык чыгармалар күтөт.
Спектаклдин режиссёру – Вячеслав Виттих, автору – Артем Бруно. Сахнада театрдын толук труппасы өнөр көрсөтөт.
Иш-чаранын узактыгы 1 саат 20 мүнөттү түзүп, антракт каралган эмес.
