Аксы окуясында курман болгондор эскерилди
райондук администрация
17 март

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аксы районунун Боспиек айылында бүгүн, 17-мартта 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич, райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким Саргазаков Максатбек Таштанбекович, райондун мекеме-ишканаларынын жетекчилери, район тургундары жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн жетекчилер Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгилешти.

Ошондой эле өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган Аксылыктардын эрдиги эч качан унутулбастыгы айтылды.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Эске салсак, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашууну жараат алган.