“Бакыт пантону” — Бишкекте белгилүү үйлөнүү үлпөт фотосүрөтчүсүнүн көргөзмөсү ачылат
22 март

“Бакыт пантону” — Бишкекте белгилүү үйлөнүү үлпөт фотосүрөтчүсүнүн көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 25-мартта Кыргызстандагы белгилүү үйлөнүү үлпөт фотосүрөтчүсү Рахат Керимбаевдин “Бакыт пантону” аттуу автордук сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу музейден кабарлашты. 

Билет жана фото сүрөттөрдү сатуудан түшкөн каражаттын 20% рак жана башка катаал илдеттер менен жабыркаган балдарга жардам берүү үчүн Help the Children - SKD фондуна которуу пландалууда.

Маалыматка ылайык, көргөзмө чебердин чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, отуз жылдын аралыгында жаралган 150дөн ашык эмгекти бириктирет.

«30 жыл аралыгында мен түшүндүм: бакыт – бул, түс же форма эмес. Камера эбак өчүк турганына карабастан, жүрөктүн согуусун тездеткен жагдай. Ушул көргөзмө менин ошол көз ирмемдерди келечек муундар үчүн сактап калууга жасаган аракетим», - дейт көргөзмөнүн автору.

Көргөзмө бакытты көз ирмем аркылуу сүйлөткөн универсалдуу тил катары изилдөө иретинде:

  • Эки жүрөк бир бүтүнгө айланган үйлөнүү үлпөт.
  • Жашоо таржымалы муундан-муунду аралап өткөн үй-бүлөлөр.
  • Кубаныч сөздү талап кылбай турганын эске салган балдар жылмаюлура.
  • Көз караштары фото сүрөттөн дагы көп нерсени баяндаган карыган жуптар. 

Көргөзмө 6-апрелге чейин уланат.