Кыргызстан менен Түндүк Македония маданий жаатта кызматташат. Меморандумга кол коюлду
20 февраль

Кыргызстан менен Түндүк Македония маданий жаатта кызматташат. Меморандумга кол коюлду

КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театры менен Түндүк Македониянын Прилеп шаарындагы «Estrada Multimedia Center» («Естрада Мултимедиа Центар») ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Документке театрдын башкы директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев жана борбордун директору Марьян Катаровски кол коюшту.

Меморандум эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган.

Анын алкагында опералык, хордук жана балет искусствосун өнүктүрүү, гастролдорду, концерттерди, фестивалдарды жана биргелешкен спектаклдерди уюштуруу каралган.

Ошондой эле режиссёрлорду, дирижёрлорду, солисттерди, хор, оркестр жана балет артисттерин биргелешкен чыгармачылык долбоорлорго тартуу пландалууда.

Кызматташтык кесиптик билим берүү багытын да камтыйт. Тактап айтканда, мастер-класстарды, стажировкаларды жана окутуу программаларын өткөрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, илимий публикациялар жана изилдөөлөр менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.

Мындан тышкары, автордук укуктарды сактоо менен спектаклдерди теле- жана радиотрансляциялоо, жаздыруу жана тираждоо маселелери каралган.

Бул Меморандум эл аралык чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, кыргыз опера жана балет искусствосун дүйнөлүк маданий мейкиндикте даңазалоого жана маданий дипломатияны бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Документ 5 жылдык мөөнөткө эсептелип, автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.