КР Маданият министрлиги
3 март
Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган тасманын бет ачары августта өтөт
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган «Жусуп» көркөм тасмасынын тартуу иштерине катышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тасма Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарабынан 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө киргизилген. Учурда съемкалар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын имаратында жүрүүдө.
Министр тартуу процессин көрүп, чыгармачыл топ менен жолугушту жана долбоордун маанисин белгиледи. Ал улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелер мындан ары да колдоого алынарын билдирди.
Фильмдин бет ачары 2026-жылдын август айына пландалган.
