Бишкекте Франкофония–2026 иш-чараларынын расмий ачылышы өттү
Бишкек шаарында 25-мартта Франкофония–2026 иш-чараларынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара маданият аркылуу элдерди жакындаткан, тилдерди жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бириктирген маанилүү аянтча катары белгиленди.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары Аскар Мадаминов, Франциянын элчиси Николя Фай, Европа Биримдигинин элчиси Реми Дюфло жана Швейцариянын элчиси Сирокко Мессерли катышты.
Франкофония — француз тилин жана маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы диалогду бекемдөөгө багытталган эл аралык платформа болуп саналат. Бул демилге өз ара урматтоого, тең укуктуу өнөктөштүккө жана маданий баалуулуктарды сактоого негизделет.
Иш-чаранын алкагында фортепиано чебери Fonctions Féminines өз таланттын көрсөттү.
Уюштуруучулар Франкофония–2026 иш-чаралары жаңы идеялардын жаралышына, маданий байланыштардын чыңдалышына жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын мындан ары кеңейишине өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
