«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборунда Нооруз майрамы белгиленди
«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборунда бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Борбордун тарбиялануучулары жана кызматкерлери жылуулукка, кубанычка жана улуттук салттарга бай майрамдык программаны даярдашты.
Иш-чаранын алкагында элдин бай маданий мурасын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүүлөр да өткөрүлдү.
«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборунда Бишкек шаарындагы 3 жаштан 18 жашка чейинки оор жашоо кырдаалына туш болгон кароосуз жана жетим балдарга социалдык, психологиялык жана баштапкы медициналык жардам көрсөтөт.
Белгилей кетсек, борбордо уюштурулган майрамдык иш-чаралар балдарга камкордукту, көңүл бурууну жана колдоону сезүүгө жардам берип, алар үчүн жылуу жана достук чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.
