Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы белгиленди
20 март

Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Улуттук китепканасында 20-мартта кыргыз поэзиясынын классиги, акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, акын-жазуучулар, акындын чыгармаларын изилдөөчүлөр катышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө, кыргыз элинин даанышмандыгын, улуулугун, эне тилибиздин, каада-салтыбызды, салттуу маданиятыбызды, руханий байлыгыбызды бапестеп сактоодо Алыкул Осмоновдун кыргыз поэзиясында орду өзгөчө экенин белгиледи.

“Министрлик 2025-жылга карата иш планына киргизип, мына он күндүк декадасы уланууда жана жылдын соңуна чейин атайын иш пландын негизинде эскерилет. Ошондой эле республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларда уюштурулуп, Осмоновдун китептерин окуй аласыздар, - деди Марат Тагаев.

Иш-чаранын соңунда китепкананын аллеясына иш-чаранын катышуучулары көчөт отургузушту.

Белгилей кетсек, Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата 10 күндүк 28-мартка чейин уланат. Ошондой эле жыл соңуна чейин республикада ар кандай иш-чаралар өтүп турат.

***************