Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министрлери кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулады
Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев менен Матлубахон Саттариён жолугушту. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу 29-мартта Согди облусунун Кожонт шаарында өттү.
Министр 2025-жылдын 13-март күнү эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлушу жана эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишин жандандырылгандыгы менен куттуктап, бул кадам өлкөлөрдүн ортосундагы ар тараптуу мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле, Тажикистан Республикасынын Согди облусунун Кожонт шаарында 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстандын, Тажикистандын жана Өзбекстандын өлкө башчыларынын катышуусу менен өтүүчү Нооруз-2025 майрамына катышып жаткан кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, Тажикистандын маданият министри Матлубахон Саттариён биздин элдердин байыркы тарыхы, салт-санаасы жана маданияты тыгыз байланышканын, бул өз ара алаканы бекемдей берүү сунушун айтты.
Тараптар маданий мурастарды сактоо, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүү жана башка биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле 1996-жылы кол коюлган эки тараптуу макулдашууну заман талабына жана чакырыктарына жараша жаңылоо керектигин белгилешти.
