Бий, мастер-класстар жана көргөзмөлөр. Берлинде Нооруз майрамы белгиленди
19 март

Бий, мастер-класстар жана көргөзмөлөр. Берлинде Нооруз майрамы белгиленди

Берлин шаарында  15-мартта Нооруз жаз майрамы кеңири белгиленди. Бул иш-чарага Германиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги да активдүү катышты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Майрамдык иш-чара Афганистан, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан Германиянын «Маданий кызматташтык» коомдук бирлигинин колдоосу менен биргеликте уюштурулду.

Коноктор, анын ичинде Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, бай маданий программага күбө болушту.

Программага музыкалык чыгармалар, улуттук бийлер, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, кол өнөрчүлүк жана кулинардык мастер-класстар, ошондой эле Ноорузду белгилеген элдердин маданий мурасын чагылдырган көргөзмөлөр кирди.

Нооруздун биргелешип майрамдалышы заманбап коомдогу маданий гармониянын жана өз ара түшүнүшүүнүн жаркын үлгүсү болуп саналат.