Театралдык окуу жайдын студенттери Москвадагы эл аралык фестивалга катышты
14 октябрь

Театралдык окуу жайдын студенттери Москвадагы эл аралык фестивалга катышты

Үстүбүздөгү жылдын 6-12-октябрь күндөрү Москва шаарында 15 чыгармачыл топтун башын бириктирген студенттик спектаклдердин эл аралык "Точка А" театралдык фестивалы өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенттери Ч. Айтматовдун "Бетме-бет" драмасы менен фестивалга катышты. Бул драма Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган, режиссёр-коюучусу - Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Манас орденинин кавалери Гүлайым Каниметова, ассистенттери - Кенже Сатыбалдиева, Амантур Абдусалам уулу.

Фестиваль-конкурс 12-октябрда жыйынтыкталды.

Жалпы 15 катышуучу арасында 4 номинация боюнча сыйлык тапшырылды.

Ал номинациялардын бири болгон "Эң мыкты аялзатынын ролу" номинациясы боюнча жеңүүчү катары Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенти Таттыбүбү Андабекова аныкталды.

Ал "Бетме-бет" драмасында Сейденин образын жараткан.