Маданият министрлиги кеңейтилген форматта коллегия өткөрдү
Бүгүн, 11-февралда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйыны өттү. Иш-чарада 2024-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы жылдын стратегиялык пландары талкууланды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коллегиянын мүчөлөрү, ошондой эле Министрликтин түзүмүндөгү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өз баяндамасында 2024-жылдагы негизги жетишкендиктерди белгилеп, учурдагы чакырыктарды жана 2025-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Ал маданиятты өнүктүрүүгө жана улуттук өзгөчөлүктү сактоого, маалымат мейкиндигин модернизациялоого, жаштар демилгелерин колдоого жана өлкөнүн спорттук потенциалын бекемдөөгө өзгөчө басым жасады.
«Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат. 2025-жыл маданий саясатты чыңдоодо, өлкөнүн спорттук потенциалын жогорулатууда, жаштарды колдоодо жана маалымат мейкиндигин өркүндөтүүдө маанилүү этап болот. Алдыга коюлган максаттарга биргелешип жетебиз деп ишенем», – деп баса белгиледи министр Алтынбек Максутов.
Коллегиянын соңунда 2024-жылы мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн бир катар маданий жана спорт мекемелерине атайын акчалай сыйлыктар жана Министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тармактын активдүү өнүгүүсүн колдоону улантып, 2025-жылы да стратегиялык маанидеги демилгелерди ишке ашырууга умтулат.
