Кыргызстандагы Орус үйү
6 октябрь
Ош калаасына Россиянын үч шаарынан делегациялар келишти
Ош шаарында шаардын 3026 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга Россиянын шаар-боордошторунан келген делегациялар катышты.
4-октябрда өткөн салтанатка Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, Оштогу Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, ошондой эле Иркутск, Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынын расмий делегациялары катышты.
Россиянын Башкы консулдугунда Оштун көп кылымдык тарыхы, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн бирге жашоо жана маданий кызматташуу салттары белгиленди.
Башкы консулдук Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, түштүк борборуна мындан аркы экономикалык өнүгүү, тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык каалады.
