Стамбулда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди
КРнын Стамбулдагы башкы консулдугу
6 октябрь

Стамбулда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага 4000ге жакын КР жараны катышты.

Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чынгыз Токтобеков, Стамбул шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нури Аслан, Стамбул провинциясынын губернаторунун орун басары Мехмет Сулун, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мехмет Мустафа Гөксу, Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмунун алдындагы Туруктуу өкүлү Уфук Экижи, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, Түркиянын мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Чынгыз Токтобеков ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхый маанисин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон аталардын эмгегин, тарыхый эс-тутумду, улуттук иденттүүлүктү жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле элдин биримдигин бекемдөөдө жана жаштарды мекенчилдик духунда тарбиялоодо “Уңгужол” баалуулуктарынын мааниси баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында Башкы консулдук тарабынан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчү аталарына жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган фотокөргөзмө уюштурулду. Ошондой эле Башкы консулдук тарабынан иштелип чыккан жаңы “Айгүл” мобилдик тиркемесинин бет ачары өткөрүлдү. Мындан тышкары, мекендештер арасында Түркияда мыйзамдуу жүрүү жана эмгектенүү, ошондой эле жөнгө салынбаган миграцияга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алдында келген мекендештерге ысык тамак уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чара кыргыз элинин эркиндик үчүн күрөшүн жана көз карандысыздыкка жетүү жолун чагылдырган театралдык пролог менен башталды. Театралдык пролог Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын артисттери жана Стамбулдагы мекендештердин катышуусунда тартууланды. Сахналаштырган Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Чалабаев.

Концерттик программада Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Маданиятынын мыкты кызматкерлери Омар Жанышов жана Малика Дина өз өнөрлөрүн тартуулады.

Мындан тышкары, иш-чара кыргыздын улуттук аспаптык музыкасы, анын ичинде комузда аткарылган салттуу чыгармалар менен коштолду.