Ош шаарында "Бир келип кетчи Ош жакка" спектаклинин бет ачары өттү
16 февраль

Ош шаарында "Бир келип кетчи Ош жакка" спектаклинин бет ачары өттү

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Бир келип кетчи Ош жакка" спектаклинин бет ачары өттү.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чаранын алдында Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы болду.

Анда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, облустук жана шаардык бийлик органдарынын жетекчилери жана Ош шаарынын тургундары катышты.

"Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли КР эл жазуучусу Арслан Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасынын негизинде коюлду.

Режиссёру – Уланмырза Карыпбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.