Ош облустук филармониясында Ноорузга арналган отчеттук концерт өттү
Маданият министрлиги
23 март

Ош облустук филармониясында Ноорузга арналган отчеттук концерт өттү

21-мартта Нооруз майрамына карата Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын отчеттук концерти өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, маданият кызматкерлеринин эмгегине жогору баа берип, жамааттын ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Концертке филармониянын чыгармачыл жамааттары кеңири катышып, көрүүчүлөргө мазмундуу жана көркөм программа тартууланды.

Атап айтканда, “Болуш Мадазимов” атындагы эл аспаптар оркестри, “Аалам” фольклордук тобу, “Ак санат” вокалдык тобу, “Факридин Баяков” атындагы комузчулар ансамбли, “Сомо” аккордеончулар ансамбли, “Токон Эшпаев” атындагы фольклордук топ, “Аска” эстрадалык тобу, “Адеми” бий тобу, ошондой эле таланттуу ырчы-аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле, иш-чарага Ош облусунун маданий мекемелеринин кызматкерлери катышып, өнөр ээлерине колдоо көрсөтүштү.

Бул концерт Нооруз майрамын даңазалоо менен бирге улуттук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.