Бишкекте опера жана балет театрында ачык эшиктер күнү өттү
29 март

Бишкекте опера жана балет театрында ачык эшиктер күнү өттү

Эл аралык театр күнүнө карата 27-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ачык эшиктер күнү болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Театр ишмерлери күйөрмандарды театрды көшөгө артынан көрсөтүштү.

Коноктор сахнанын артындагы коридорлорду кыдырып, костюмдардын, реквизиттердин жана жасалгалардын сакталган жайларын көрүштү. Экскурсияны адабий-драмалык бөлүм башчысы Елена Мягкова алып барды. Ал жаштарды жана улуу муунду сахна артындагы дүйнө жана театрдын тарыхы менен тааныштырды.

Опера жана балет күйөрмандары театрдын чыгармачылык атмосферасына сүңгүшүп, режиссёр, КР эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаевдин «Трубадур» операсынын репетициясын жана «Дон Кихот» балетинин репетициясын көрүштү.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Карагул Тиленчиевдин жетекчилиги астында симфониялык оркестрдин жана театрдын академиялык хорунун эмгегин көрүшүп, К.Орфтун "Кармина Бурана" кантатасынын аткарылышына күбө болушту.

Цехтердин жетекчилери келген конокторго чыгармачылык процесс, кыргыз театр сахнасынын флагман артисттери жөнүндө кеңири кеп кылып беришти.