Мирбек Мамбеталиев маданият министринин м.а. болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбеталиев Мирбек Кемелович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Алтынбек Максутов аркалап келген, ал бүгүн президенттин жарлыгына ылайык кызматынан бошотулду.
