Бишкекте жаштар кыймылынын комьюнити-борбору ачылды
26 февраль

Бишкекте жаштар кыймылынын комьюнити-борбору ачылды

Бишкекте бүгүн, 26-февралда жаштар кыймылынын комьюнити-борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Борбор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаштар демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо үчүн заманбап аянтча катары ачылды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жаңы борбор 2025-жылдын 10-ноябрында — Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүндө ачылган «Жаштык» кичи аренасынын имаратында жайгашкан. Дал ошол күнү бул аянтта Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу жаштардын улуттук форуму өткөрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген активдүү жаштардын башын бириктирген.

Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган аренана “Жаштык” деген ат берген.

Бул борбор Көчмөндөр оюнунун ыктыярчыларынын штабы катары дагы иш алып барат. Быйыл өтчү маанилүү бул оюнга 1000 ыктыярчы тартылат.

Комьюнити-борбор жаштар үчүн жолугушууларды, билим берүү программаларын, тренингдерди, талкууларды өткөрүүгө жана социалдык, маданий, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган ачык мейкиндик болот. Бул жерде жаштар өз демилгелерин иштеп чыгып, эксперттик жана мамлекеттик колдоого ээ болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаңы идеяларды жарата алышат.

Борбордун ачылышы — мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууда, жаштардын коомдук катышуусун кеңейтүүдө жана жаңы муундун мүмкүнчүлүктөрүн ачууда маанилүү кадам болуп саналат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы борбор туруктуу негизде иш алып барарын жана борбор калаанын жана аймактардын бардык активдүү, демилгелүү жаштары үчүн ачык аянтча болорун белгилейт.