Баткенде театр кызматкерлеринин күнү белгиленди
28 март

Баткенде театр кызматкерлеринин күнү белгиленди

Баткенде театр кызматкерлеринин күнү белгиленди, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы. 

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана Баткен район, шаарынын тийиштүү жетекчилери катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш-чарада театр коомдун руханий, маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоодо жана өнүктүрүүдөгү зор салымы белгиленди.

Ошондой эле театр кызматкерлеринин күнүнө карата театрдын өнүгүүсүндөгү салымы үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Бул күнү театр кызматкерлерин куттуктап келген күйөрмандарга “Апаз Жайнаков” атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан өзбек драматургу Холик Хурсантовдун калемине таандык “Ата кемпир алып берейинби” комедиясы тартууланды.