Бишкекте «Манас» эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары болуп өттү
27 март

Бишкекте «Манас» эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары болуп өттү

Бишкектеги Инновациялык борбордо бүгүн, 27-мартта «Манас» улуттук академиясынын демилгеси жана каржылык колдоосу менен даярдалган «Манас Ордо» улуттук комплексинин «Манас» эпосу музейинин санариптик эгизинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гульбара Абдыкалыкова, Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова, Санариптик эгиздерди жана башка иммерсивдик технологияларды иштеп чыгуу жана интеграциялоо компаниясынын жетекчиси Руслан Шантуров, Улуттук кеңештин мүчөлөрү КР эл акыны Жедигер Саалаев, КР эл жазуучусу, «Манас эли» коомдук бирикмесинин төрагасы Асан Жакшылыков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Бактыбек Максүтов, манасчылар Замирбек Баялиев, Асанаалы Калил уулу, Улуттук тарых музейинин башкы директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Бакашова, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинин башкы директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мамбетказиева, Фрунзе үй музейинин директору Кеңеш Алмакүчүков, «Манас» эпосу музейинин директору Азамат Асейин уулу, КР УИАнын салттуу маданият жана искусство илимий изилдөө борборунун директору, профессор Роза Аманова, профессор Кадыралы Конкобаев жана студенттер катышты.

Иш-чарада келген коноктор долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, санариптештирүүнүн маданий мурастарды сактоодогу орду жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мейкиндикте татыктуу орун алышына кошо турган салымы тууралуу пикирлерин билдиришти.

«Санарип эгиз» инновациялык долбоору – жаңы ыкмалардын жардамы менен «Манас» эпосун даңазалоо.

Бул долбоордун жардамы менен дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Кыргызстанга, «Манаска» кызыккан жөнөкөй турист, сыртта жүргөн миллиондогон мекендештерибиз «Манас» эпосу музейин кыдыра алат. “Санарип эгиз” долбоору Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп, кызыккандарга Үчилтик боюнча кенен маалымат алууга, музейге виртуалдык экскурсия жасоого жана анын бай экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүк түзөт.

Музейдин санариптик эгизи– бул инновациялык чечим, ал колдонуучулар үйдөн чыкпай эле «Манас» эпосунун мааниси жөнүндө маалымат, каармандар тууралуу кабар алып, тарыхка саякат жасоого мүмкүндүк берет. Виртуалдык платформа-маданий мурастарды муундар үчүн сактап, дүйнөнүн картасында Манас ааламын аныктап, белгилеп бекемдегенге шарт түзөт.